Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстанга 21 млн евро грант бөлөт

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 764 | 0

Германия Кыргызстанга 21 млн евро грант бөлөт. Каражат ооруканаларга сарпталат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады. Мындай келишим президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визитинин алкагында түзүлдү.

21 млн евронун 13 миллионуна Ош шаарына, 6 млн еврого Таласка перинаталдык оорукана куруу пландалууда. Мындан тышкары, Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканага 2 млн евро бөлүнөт. Бул сумманын баары грант болуп эсептелет.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визитинин алкагында дипломатиялык мамиле, экономика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү, туризм, соода-экономикалык багыттагы документтерге кол коюлду. Жалпы келишимдердин суммасы 1 млрд еврого жетти.

Copyright © 2017 Maral FM