Биз менен байланышыңыз

Түрмөдөгү 15 миң адамдын 11и рак менен ооруйт

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 825 | 0

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын абак жайларында ар кандай ооруга чалдыккандар көп. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын билдиришинче, Мурат Суталинов сыяктуу онкологиялык ооруга чалдыккан дагы 10 адам абакта жатат.

— 15 миңге чукул жаза өтөөчүнүн 300ү кургак учуктун ар кандай түрү менен жабыркап келишет. Ошондой эле, 11 адам рак илдетине чалдыккан. Анын ичинде М.Суталинов да бар.

Мекемеден билдиришкендей, оорулуулар дарыгерлердин сунушу менен өз убагында медициналык кароодон, рак илдетине чалдыккандар маал-маалы менен онкология борборунан химиялык дарылануудан өтүп турушат. Шартка байланыштуу дарылануудан баш тарткандары да бар.

Copyright © 2017 Maral FM