Биз менен байланышыңыз

Быйыл пансионаттар эрте паспорт алышат

Коом | 16 Апр 2019 | 665 | 0

Жайкы туристтик мезгилдин башталуусуна туура 1,5 ай убакыт калды. Андыктан, Ысык-Көл облусундагы пансионаттар бул жылкы сезонго эртелеп камылга көрүп, 1-июнга чейин паспорт алууга тийиш.

Жайкы туристтик мезгилге карата эс алуу жайлар арасында даярдыктар башталды. Мунун алкагында экологиялык, техникалык жана санитардык талаптарды өз учурунда аткарып, паспорт алуу тапшырмасы коюлду. Анткени, өткөн 2018-жылы Ысык-Көл районундагы айрым пансионаттар жайдын ортосуна чейин талаптарды аткарган эмес. Бул боюнча Мамлекеттик экотехинспекциянын Тоӊ, Балыкчы, Ысык-Көл аймактар аралык башкармалыгынын кызматкери Нурлан Жолдошев белгиледи.

— Биз өткөн жылы 6 пансионатка текшерүү жүргүзүп, акыры талапка туура келбеген соӊ, ишмердүүлүгүн токтотконбуз. Бирок, июль айынын ортосунда буга чейин аткарган иштерин эске алып, райондук комиссиянын чечими менен кайрадан уруксат бергенбиз. Маселенин башкы себеби: бул пансионаттардын саркынды сууларды чыпкалоочу жайлары талапка туура келбегендигинде.

Натыйжада курорттук аймактагы 160 пансионаттын ичинен «Кооператор», «Береке», «Шанхай», «Академия наук», «Саякат», «Белек» пансионаттарына паспорт берилген эмес. Эми мындай кемчиликтер бул жылы кайталанбашы үчүн текшерүү иштери эрте башталат. Муну менен катар кабыл алуу тапшырмасын да создуктурбоо керектигин облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев билдирди.

— Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция, санитардык көзөмөл борбору, ѲКМ жана башка тиешелүү кызматтагылар жылдагыдай эле маселени эрте карап чыгышы зарыл. Ошол эле мезгилде мамлекеттик органдар бюрократия, бут тосуу маселелерине катуу чара көрүшү керек.

Бирок, бул кемчиликтер чечилгени менен жайкы туризмде көмүскөдө турган чийки маселелер да бар экенин жергиликтүү калк белгилейт. Көлгө түшүү мезгилинде ижарага алынган тиешелүү пляждардын айланасы гана көзөмөлгө алынса, калган аймактардын экологиясы, тазалыгы жана коопсуздугу көӊүлгө алынбай келүүдө.

— Көлдүн жээгиндеги пляждарды оӊдоп коюшса, эл үчүн жакшы болмок. Анткени, акча төлөбөй бекер эс алмакпыз. 

— Жылда жайкы туризм деп камынганы менен эч кандай жакшы жыйынтыкты көрбөй жатабыз. Жол жээктери пластик бөтөлкө, баштыкка, таштандыга толуп калган.

— Менимче, жайкы туристтик сезон деп эле туристтердин чөнтөгүн каккан туура болбойт. Шарт канчалык жакшы болбосун, арзан болсо, көп адам эс алмак.

— Ижарага алынган көл жээктердин коопсуздугу жакшы каралат. А бирок, андан аркы тилкелер экологиялык, санитардык жактан кароосуз калып, айрым учурда киши чөккөн учурлар катталууда.

«Мындай пикирден улам, пансионат ээлери быйыл өзгөчө коопсуздук маселеси күчөтөрүн эске алышууда. Себеби, туристтердин саны өткөн жылы миллионго чамаласа, быйыл андан кем болбошу күтүлүүдө. Ошондуктан, милиция кызматкерлери менен суучул куткаруучулар да иштешүүгө даяр», — деди Ысык-Көл облустук эс алуучу жайлар ассоциациясынын төрагасы Акжолтой Насирдинов.

— Былтыр «Акун» пансионаты сыяктуу айрым жайларда көлгө чөккөн окуялар катталды. Быйыл ушундай маселе катталбашы үчүн тиешелүү органдар да катуу киришерин айтып жатышат. Эс алуу жайлар куткаруучуларды даярдап, кам көрүшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM