Биз менен байланышыңыз

«80 теке атылса, бюджетке 56 млн. сом каражат түшөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Апр 2019 | 1186 | 0

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов «Марал» радиосуна берген маегинде аңчылык тармагында коррупция көп болуп келгенин билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында 7 млн. гектар жерде аңчылык кылууга тыюу салынган.

«Текеге, уларга, каманга аңчылык кылуу боюнча мораторий киргизилген. Эми 2020-23-жылдар аралыгында Ысык-Көл менен Нарын облусунда Текеге, уларга, каманга жана дагы бир жаныбарга аңчылык кылууга толук тыюу салынат. Текеге аңчылыкка чыккандар 10 миң доллар айып төлөйт. Алсак, 80 теке атылса, бюджетке 56 млн. сом каражат түшөт», — дейт Рустамов.

Ал буга кошумча, балыктардан форель кармоого мароторий киргизилгенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM