Биз менен байланышыңыз

Рустамов: Бизде мыйзам бар, мыйзам боюнча эле иш алып баруудабыз

Саясат | 22 Апр 2019 | 875 | 0

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов Мамлекеттик коррупцияга каршы саясатынын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн жумушчу топтун койгон айыптарына негиз жок экенин билдирди.

Анын айтымында, аталган агенттикте чечилүүсү керек болгон маселелер бар, бирок көп эмес.

— Кемчилик бар, бирок көп эмес. Бизде мыйзам бар, мыйзам боюнча эле иш алып баруудабыз. Бул маселе боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатам, эмне үчүн алар мындай чечимге барды деп. Себеби, ага негиз жок болчу. Кийинчерээк эмне экенин, кандай экенин, толуктап маалымат берем.

 Мамлекеттик коррупцияга каршы саясатынын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн жумушчу топ Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ичиндеги коррупциялык тобокелдиктерди изилдеп чыгып, жетекчилик коррупцияга каршы иш-аракеттерди аткарбай келгенин аныктаган.

Мындан сырткары мекеме ушул күнгө чейин санариптештирүүгө багытталган бир да иш-чара өткөрбөгөнү, коррупциялык схемалардын ишке ашуусуна өбөлгө түзөрү айтылган.

Буга далил катары 2018-жылы агенттиктин штатка кирбеген кызматкери жети жолу чет өлкөгө чыгып, ар кандай эл аралык иш-чараларга, форумдарга, семинарларга катышканы мисал келтирилген.

Ошондой эле, агенттиктин жетекчисинин айдоочусу өзүнүн кесиптик милдетинен сырткары, былтыр Женева шаарына командировкага барганы, бирок ТИМди бул боюнча кабардар кылбаганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM