Биз менен байланышыңыз

Рустамов: Дрондорду учурган соң, аба тазарды

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Апр 2019 | 597 | 0

Бишкектин абасына жасалган анализдер боюнча Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен бейөкмөт уюм тараткан маалыматтын ортосунда чоң айырмачылык чыккан. Мындан улам өкмөттө 3 жылдык план иштелип чыгып, иштер жасалууда. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, абаны таза сактоо үчүн айрым көчөлөрдө бир гана коомдук транспорт жүрүшү зарыл. Ошондой эле, борбордук көчөлөрдө жол чырактардын убактысы өзгөртүлүшү керек.

«Дрондорду учурган соң аба тазарды. Алсак, Ак-Өргөдө аба таза. Ал эми кен казган компаниялардын экологияга тийгизген таасирин Экотехинспекция көзөмөлдөйт. Өзгөчө коргоочу бир бакты кыйса, ордуна 100 дарак тигет. Негизги жумушту кен казуучу компаниялар ишке ашырат», — дейт Рустамов.

Ал белгилегендей, Бишкектин абасынын булгануусуна транспорт каражаттарынан жана Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн таасир тийгизүүдө.

«Күйүүчү майлардын сапаттуусуна өтсөк абаны булгоо азаят. Өлкөгө 100дөн ашык электромобил келди. Кыргызстанга электормобил чыгарчу завод куруу боюнча Кытай делегациясы келип кетти. Эми алардан жооп күтүп жатабыз», — дейт Рустамов.

Ал кошумчалагандай, тор жана пластикалык баштыктар боюнча мыйзамдар иштелип жатат. Жакында өкмөткө сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM