Биз менен байланышыңыз

Рустамов: Жаңгак токоюн кыюу боюнча маалымат түшө элек

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Апр 2019 | 523 | 0

Жаңгак токоюн кыюу боюнча эч кандай маалымат түшө элек. Токой чарбалардын күзөтчүлөрү жаңгактарды кыйдырбайт. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, токойду кыюу расмий токтотулган. Эгерде кайсы бир токойдон бак кыйылса, ошол жердеги токой чарбанын жетекчиси жумуштан алынат, кызматкерлер жоопко тартылат.

Өкмөт жаңгак токойлорунун санын көбөйтүү үчүн 90 млн. сом каражат бөлгөн. Быйыл жаңгак токоюнун аянты 500 гектарга көбөйгөн.

«Жалал-Абадда оптимизация болуп, токой чарбалары кыскартылды. Жаңгак кыйылганын көргөндөр бизге кайрылышсын. Мен токойлорду кыюуга бөгөт койгон соң, көпчүлүккө жакпай калдым. Бирок токой кыюулар азайды. Кечээ жакында да коррупцияга байланышкан адамдарды иштен алдым. Андыктан аларга жакпай калдым»,- дейт Рустамов.

Ал кошумчалагандай, токой чарбаларда күнөскана куруу мыйзамдуу.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 39 токой чарбасы бар.

Copyright © 2017 Maral FM