Биз менен байланышыңыз

Алла Пугачёва 70 жашка толду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 564 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёва 70 жашка толду.

Маалымдай кетсек, Алла Пугачёванын репертуарында 500дөн ашык ар түрдүү тилде жазылган ырлар бар. Ошондой эле,  100дөн ашык альбому жалпы 250 миллион нуска менен жарык көргөн.

Ырчынын альбомдору Орусиядан сырткары Германия, Финляндия, Швеция, Япония жана башка өлкөлөргө кеңири тараган.

Ырчы 17-апрелде Кремль сарайында 70 жылдык мааракесине арналып өткөрүлө турчу мамлекеттик деңгээлдеги концертине даярданып жаткан учуру. Концертке Димаш Кудайберген да катышары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, билеттер сатууга чыккан биринчи күнү эле түгөнүп калган.

 

Copyright © 2017 Maral FM