Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Димаштын ырын уккан ирландиялык пенсионер атын өзгөрттү

76 жаштагы Ирландия жараны Жун Лазар казак ырчысы Димаш Кудайбергендин ырын уккан соң атын өзгөрттү. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазды.

Ирландия жаранына Димаштын үнү өзгөчө таасир калтыргандыктан, атынын аягына «маш» мүчөсүн жалгатып, документин кайра жасаткан. Жун-маш Лазар болгон пенсионер аял кумири төрөлгөн аймакка бат-баттан келип турат. Аймак тургундарынын жашоо-тиричилиги, каада-салттары менен таанышканга аракет кылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM