Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 501 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуусу Көксарай резиденциясында болду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазды.

Өлкө башчылар тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда эки өлкөнүн достук жана коңшулук мамилелерин бекемдөө, соода сатыкта кызматташтык, транспорт, туризм, өнөр-жай өндүрүшү жана башка тармактарда кызматташуу боюнча сүйлөшүлдү. Ошондой эле аймактык жана эл аралык мамилелер боюнча маалымат алмашышты.

Мындан сырткары, эки өлкө башчысы Ооганстан абалды жөнгө салуу боюнча да пикир алмашышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM