Биз менен байланышыңыз

Футзал Суперлига: Жарым финалдык таймаштар башталды

Кыска кабар , Спорт | 15 Апр 2019 | 488 | 0

Бүгүн 15-апрелде футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын жарым финалдык баскычынын алгачкы беттештери өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы билдирди.

«Sun City» спорттук көңүл ачуу борборунун аянтында 19:30да «Sun City» – «EREM» командаларынын беттеши өтөт.

Ал эми Арча-Бешиктеги «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде саат 20:30да «Алга-Дордой» – «Мурас» командаларынын беттеши болот.

Жарым финалдык баскычта командалардын оюндары эки жеңишке чейин уланат. Эки жолу уткан команда кийинки баскычка жолдомо алат.

Эске сала кетсек, футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасын өткөн жылы Оштун «EREM» командасы жеңген. Башкы машыктыруучу Данияр Абдыраимов жетектеген оюнчулар финалда Бишкектин «Алгасын» утуп алган.

Copyright © 2017 Maral FM