Биз менен байланышыңыз

«Митингдеги үчүнчү күч мыйзамды так аткарбаган күч түзүмдөрү болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 539 | 0

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Марал» радиосуна берген маегинде  жарандардын митинг өткөрүшүнө тоскоолдук бир да мыйзамда жок экенин билдирди.

«2002-жылга чейин митингдер СССРдин пленумунун токтомунун негиздери менен жөнгө салынып келген экен. Биз аны Аксы окуясында билдик. Ошол кездеги мыйзамдар митингде курал колдонууга уруксат берген. Аны депуттар да караган эмес. Ошентип,  2002-жылы митинг өткөрүү боюнча шашылыш мыйзам кабыл алынган. Бирок ал да чийки болгон. 2007-жылы кабыл алынган мыйзамда митинг уюштурууда 30 күн мурда кабар берүү каралган», — дейт Абдирасулова.

Анын баамында, митингдеги үчүнчү күч мыйзамды так аткарбаган бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү болот.

Элдин оюн, көйгөйүн айтуусуна тыюу салуу менен тынчтык орнобойт.

«Ар кандай чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын кесепетин эки революцияда көрдүк. Ошондуктан, тынчтык митингдерден коркпой, уруксат берүү зарыл. Жаран өз көз карашын, талабын айтышы мүмкүн. Мындан сырткары, кайсы бир демилени колдоп чыкса да болот. Бирок башкаларды үгүттөбөшү керек. Эл баарына өз баасын берет. Алсак, 8-марттагы жүрүшкө да баасын берип, жыйынтык чыгарышты», — дейт укук коргоочу.

Абдирасулова кошумчалагандай, Бишкекте өткөн  «Black Star Burger» тез тамактануучу жайдын расмий ачылышын тынчтык митингине салыштырбоо зарыл. Анткени, ал жерде бийликке кайрылуу болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM