Биз менен байланышыңыз

«Митинг үчүн мэриянын башка аймак сунуштаганы туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 826 | 0

Бишкек мэриясы саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына митинг өткөрүүчү боюнча сотко кайрылуусу мыйзамдуу. Бирок мэриянын башка аймак сунуштаганы туура эмес. Бул «Тынч жыйындар» мыйзамына туура келбейт. Мындай пикирин «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, митинг тынч, куралсыз өтүшү керек. Митингдин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттер болуп кетсе гана ага тыюу салуу зарыл. Бирок, алдын ала божомол менен башаламандык болуп кетет деп жыйындарга тыюу салуу туура эмес.

Абдирасулова мындан сырткары, мэрия митингге тыюу салуу менен эч кандай маселе чече албай турганын белгиледи.

«Уюштуруучулар митинг өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат сурабайт, болгону маалымат гана берет. Митингдин катышуучуларынын коопсуздугу, тартипти сактоо үчүн жергиликтүү бийликке алдын ала кабар берилет. Бирок алдын ала маалымдабай митингге чыгуу да мыйзамдуу. Мыйзам боюнча мэрия митингдин убактысынан 24 саат мурда соттун чечими менен тааныштырышы зарыл. Учурда жергиликтүү бийлик Бабановдун келишин шылтоолоп, жалпы кыргызстандыктардын укугун бузуп жатат», — дейт Абдирасулова.

Эске салсак, 12-апрелде Талас мэриясы борбордук аянтта Бабановдун тарапташтарына митинг өткөрүүгө тыюу салган.

Сот “бабановчулардын” митингине уруксат берген жок

Copyright © 2017 Maral FM