Биз менен байланышыңыз

Сот «бабановчулардын» митингине уруксат берген жок

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 825 | 0

Биринчи май райондук соту Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын Эски аянтта тынчтык митингин өткөрүүсүнө Бишкек шаарынын мэриясынын баш тартышынын мыйзамдуулугун карап чыкты.

Сот Зарема Бейшеева «Республика» партиясынын митинг өткөрүүсүн мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан токтомун окуду. Ошондой эле Сот 13-апрелде Эски аянтта премьер-министр менен Дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюму биргеликте иш-чара өткөрөрүн айтып, эки иш-чара бир жерде бир сааттык айырмачылыкта өтүүсү, адамдардын массалык түрдө чогулушуна алып келерин белгиледи.

Соттун айтымында, «Республика» партиясынан 10 миң адам катыша турганын эске алып, мындан улам коомдук мыйзам бузуулар болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM