Биз менен байланышыңыз

АКШ: «Торнадо» куюну 2 баланын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 618 | 0

Американын Техас штатында болгон күчтүү «Торнадо» куюну 2 баланын өлүмүнө себеп болду. Ошондой эле бир канча адамдын ар кандай жаракат алганын «Хабар 24» маалымат агентиги кабарлады.

Куюндун негизги күчү Франклин шаарына тийген. Куюн дарактарды тамыры менен жулуп, үйлөрдүн чатырын алып кеткен. Шаардын 15 миңдей тургуну электр жарыгысыз калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эң кыска убакытта электр энергиясын калыбына келтире турганын айтты. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик чыгымдарды эсептөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM