Биз менен байланышыңыз

АКШда алп учак асманга көтөрүлдү (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 461 | 0

13-апрелде Америка Кошмо Штаттарында биринчи жолу дүйнөдөгү эң чоң Stratolaunch учагы учту. Калифорниянын Мохаве чөлүнөн учканын көрсөткөн видео YouTube каналына жарыяланганын Tengrinews.kz сайты кабарлады.

Эки борттуу жаңы учакты Stratolaunch Systems компаниясы курап чыккан. Ал саатына 304 километр ылдамдык менен учат. Канаттары — 117 метр, узундугу — 73 метр, бийиктиги — 4,69 метр, жалпы салмагы — 250 тонна, максималдуу жүгү кошо эсептегенде 590 тоннага чейин барат.

Учуп-конуучу тилкеде 28 дөнгөлөк аркылуу аракетке келет. Алты мотору бар. Ошондой эле, учактын негизги милдети космоско учуучу аппараттарды чыгаруу болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM