Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визит менен учуп кетти

Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 739 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде Германияга расмий визит менен учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

15-апрелде, Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министри Флориан Херман жана Экономика, өнүгүү жана энергетика боюнча мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат. Ошондой эле Ханнс Зайдель атындагы фонддо Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөйт, кыргыз-немис бизнес-форумунун ачылышына катышат, «Pellmeyer» айыл чарба ишканасына барат жана мекендештер менен жолугушат.

16-апрелде, Берлинде, Мамлекет башчы Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германиянын Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жыйын өткөрөт.

Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM