Биз менен байланышыңыз

Салык кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 13 Апр 2019 | 429 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу өлкө башчысынын расмий сайтында кабарланат.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Кепилдик фонддорго салык салуу боюнча салык мыйзамдарын жакшыртуу максатында кабыл алынган мыйзам менен салык кодексинин 207-берененин 1-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: банк же кепилдик фонду тарабынан резервге потенциалдуу кредиттик, кепилдик жана лизингдик коромжулуктарды жана зыяндарды жабууга жиберилүүчү, берилген банктык кредиттерди жана аларга теңештирилген активдерди, анын ичинде кепилдик фонддор берген кепилдиктерди камсыз кылуу максаты үчүн гана пайдаланылуучу сумма жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM