Биз менен байланышыңыз

Ишкер аялга каракчылык менен кол салган жарандар кармалды

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 653 | 0

Ишкер аялга каракчылык менен кол салган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

31-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болжол менен саат 18:45 чамасында азият түспөлүндөгү медициналык бет капчан белгисиз адамдар 40 жаштагы ишкер аялга кол салышкан.

Каракчылар тапанча менен коркутуп, физикалык күч колдонуп, 200 миң сом акча каражатын жана 600 миң сомдук алтын жасалгаларын, андан сырткары паспорт жана жеке буюмдары салынган сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жазалардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмү (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Апрель айында шектүүлөр Бишкекте ижарага алган батирлердин биринен кармалышкан. Кармалган жарандардын бирөөсү мурда соттолгон Чүй облусунун Кемин районунун 1982-жылы туулган Т.И аттуу тургуну, экинчиси Бишкек шаарында жашаган, 1994-жылы туулган, мурда соттолбогон А. А. аттуу жаран болгон.

Кармалган жарандарды текшерүү учурунда буга чейин да уурдалган алтын зер буюмдары табылды.

Учурда кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM