Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков легендарлуу гандболист Талант Дүйшөбаев менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 711 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболист Талант Дүйшөбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Талант Дүйшөбаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

«Эки жолку дүйнөнүн мыкты гандболчусу, XX кылымдагы планетанын 2-оюнчусу деген наамдары менен биз өзгөчө сыймыктанабыз. Мен Сизди кыргыздын мыкты уулу, эң атактуу, легендарлуу спортсмени деп сыймыктануу менен айтам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Талант Дүйшөбаевдин өзүнүн балдары да гандболчу болуп дүйнөлүк аренада ийгиликтерге жетишип жатканын белгилеп, Кыргызстанда гандбол менен машыгып жаткан жаштарга чоң үлгү, дем берет деп билдирди.

Талант Дүйшөбаев мамлекет башчынын жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кайда гана болбосун, ар дайым Мекенин ойлоп жүрөрүн билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Талант Дүйшөбаевге сыйлоо тууралуу жарлыгы былтыр чыккан II даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM