Биз менен байланышыңыз

Пакистандагы жардырууда 16 киши набыт кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 492 | 0

Пакистандын батышындагы Кветта шаарында болгон жардыруудан кеминде 16 киши набыт кетти. Дагы 13 киши жабыркады. Бул тууралуу Geo TV маалымат булагы жазды.

Окуя бүгүн 12-апрелде эртең менен саат 7:35те болгон. Колдо жасалган жардыргыч зат базарда жардырылган.

Аймактын башкы инспекторунун орун басары Абдул Раззак Чимдин айтымында, 16 адам набыт болуп, дагы 13ү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерде полиция жана куткаруу кызматтары иш алып барууда. Жергиликтүү бийлик курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин кабарлоодо.

Copyright © 2017 Maral FM