Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: 2040-жылга чейинки башкы планынын концепциясы талкууланды

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 663 | 0

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки өзгөртүүгө сунушталган башкы планынын концепциясы талкууланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү калктуу район-шаарлардын башкы планын жаңыдан иштеп чыгуу тапшырмасынын алкагында шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан 1 миллион сом бөлүнгөн.

Бул багытта иш алып барып жаткан Мамлекеттик шаар куруу жана долбоорлоо институту шаардын өзгөртүлгөн бир канча башкы планынын концепциясын талкууга койду.

Жаңы планда шаар ичинде жайгашып, тургундарга кооптуулук жараткан Жалал-Абад аэропортун шаар сыртына көчүрүү каралган.

Жакынкы күндөрү жаңы башкы пландын концепциясы шаардык Кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюлат. Учурда шаардын юридикалык ээлеген жалпы аянты 2 миң 549 гектарды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM