Биз менен байланышыңыз

«Шадиевдин мүлкү менен кошо айрым ишкерлер да мүлкүнөн ажырады»

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 563 | 0

Кыргызстанда коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөштүн алкагында айыпсыз ишкерлер жазаланып калган учурлар да кездешүүдө. Бул тууралуу депутат Чыныбай Турсунбеков парламенттин отурумунда билдирди.

Ал күч органдары «бөрк ал десе баш алган» учурлар кездешкенин белгилеп, экс-депутат Аскарбек Шадиевдин соттолуп, үй-мүлкү мамлекетке өткөрүлгөнүн мисалга келтирет.

Анын айтымында, Шадиевге кылмыш иши козголуп, мал-мүлкү конфискацияланган. А бирок, ошол эле маалда Шадиев менен кошо иштешкен ишкерлердин да мүлкү камакка алынып калган.

«Мисалы анын «Тип-Топ» деген соода-сатык дүкөндөр тармагы бар. Фирма — Шадиевдики, ал эми ичине коюлган товарлар ишкерлердики, өндүрүүчүлөрдүкү. Бүгүнкү күндө Өкмөт анын баарын мамлекетке конфискация кылып алып унчукпай отурат. Ишкерлер арызданып жүрүшөт, жооп берген эч ким жок. Бул деген ишкерлерге көңүл бурулбагандыкты көрсөтүп турат. Ошондуктан, Өкмөт жооп бериши керек. Шадиевге кылмыш козголсо, Шадиевдикин гана алыш керек», — деди Чыныбай Турунбеков.

«Чоң соода түйүндөрү өзүлөрүнүн товарын сатпайт. Ишкерлердин товарын сатат. Товарды койгону үчүн соода жайына да акча алат. Алар өндүрүүчүлөрдөн акчаны мурда эле алып, чөнтөгүнө салып койгон. Дүкөн ээси товарды белгилүү бир мөөнөткө алып, сатылса сатылды, сатылбаса ээсине кайтарып берет. Муну текшерүүчү органдар билиши керек. Буга убагында реакция жасаш керек», — деп кошумчалайт Турсунбеков.

Copyright © 2017 Maral FM