Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө компромисс болбойт

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 609 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коррупциялык күрөш уланып жатканын айтты. Ал парламентте жасаган кайрылуусунда өткөн жылы 5,7 млрд. сомдук каражат жана мүлк өлкөгө кайтарылганын белгиледи.

— Былтыр Коопсуздук кеңешиндеги сөздөр ишке аша баштады. Коррупция менен күрөшүү, укук коргоо жана сот органдары алдым-жуттумдардан тазалоодо эч качан компромисс болбойт.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште алгачкы жолу кайрылуу жасап жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM