Биз менен байланышыңыз

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 484 | 0

Бүгүн 11-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт. Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул тууралуу кечээ кабарлаган.

Күн тартибине ылайык парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаевге, Акылбек Жапаровго жана Игорь Чудиновго карата Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын чечими талкууга алынат.

Парламент бүгүнкү отурумда ошондой эле, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сыяктуу 10дой маселени талкуулашат.

Copyright © 2017 Maral FM