Биз менен байланышыңыз

Сузактагы үйлөрдү суу каптады

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 523 | 0

Бүгүн, 10-апрелде болжол менен саат 08:40тар чамасында Сузактагы 9 турак үйдүн короо-жайын суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен арыктагы суу ташып, Сузак районуна караштуу Караган айылындагы Темир жол көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн короосун каптап кеткен.

Ал эми, саат 11.50 чамасында ушундай эле кырдаал Багыш айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы Железнодорожная көчөсүндө да кайталанып, төрт үйдүн короо-жайын суу каптаган.  

Ыкчам чара көрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А. Закировдун жетекчилиги астында ыкчам топ — 35 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, Багыш айыл аймагынан кошумча 2 экскаватор, Сузак суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор барган.

Учурда суунун нугун башка каналга буруу жана жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM