Биз менен байланышыңыз

Футзал: «Алга-Дордой» — «Строй Мир» футболчулары дагы мушташты

Кыска кабар , Спорт | 10 Апр 2019 | 541 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасынын чейрек финалдык баскычында беттешкен «Алга-Дордой» жана «Строй Мир» командаларынын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынан билдиришти.

Беттештин биринчи бөлүгүндө, «Строй Мирдин» оюнчусу Элбек Иманалиев «алга дордойчу» Аскар Кайырбек уулуна каршы ойноодо эреже бузулуп, Аскар кулап түшкөн. Ошол маалда топко чуркаган «Строй Мирдин» ирандык оюнчусу буту Аскардын башына тийип кеткен. Кайырбек уулу ордунан тура калып, тигинин кийимине жаба түкүргөн.

Натыйжада эки команданын сырттагы футболчулары, машыктыруучулары кошо оюн талаасына чуркап кирип, эки тарап тирешип калган.

Беттештин калысы Нурдин Букуев жагдайга байланыштуу «алга дордойчу» Кайырбек уулуна кызыл айып кагаз көрсөтүп, оюндан чыгарып салды. Ал эми «Строй Мирдин» дарбазачысы Актилек Эсеналиев сары айып кагазы менен жазаланган.

Буга чейин аталган эки команда өлкөнүн Кубогунун финалында кез келип, анда да мушташ чыккан. Натыйжада алга дордойчу Азамат Исабеков жазаланып, бардык мелдештердеги оюндан четтетилген. Мындан сырткары, ага 50 миң сом айып салынган.

Copyright © 2017 Maral FM