Биз менен байланышыңыз

Бабанов Атамбаев менен кантип «соодалашканын» айтты

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 1138 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн 10 күнгө Орусияга кеткен. Ал жакта жүргөндө, кылмыш иши ачылганын билген. Бул тууралуу ал өзү НТС каналына берген маегинде билдирди.

Мындай аракеттен соң, ал партиялашы жана штабын жетектеген Руслан Казакбаевди Түркияга чакырган.

— Анда экөөбүз кеңешип, аны «Алмазбек Атамбаевге, Сооронбай Жээнбековго жолук», — деп айткам. «Мага болуп жаткан куугунтук токтошу үчүн эмне кылышым керек?» — дегем. Ал Атамбаев менен жолугуп, анда кызуу сөздөр жүргөн. Мага карата бир топ шарттар коюлду. Саясаттан кетүүмдү, мандатты тапшыруумду жана бир жыл Кыргызстанга келбей туруумду талап кылышты.

Анда ал коюлган шарттарга макул болуп, өзүнө козголгон иш калыс каралышы керектигин, жактоочуларын, депутаттарды кыйнабоосун сунуштаган. Мындай өз ара келишимден кийин саясаттан кетүү чечимин кабыл алганын айтты. Бул сүйлөшүүлөр 20 күнгө созулган.

— Ошол учурда мен кайтып барсам, эл толкуп, башаламандык болуп кетиши мүмкүн эле. Аны каалаган жокмун. Бийликке мен эле тынчтык бербей жатсам, анда мен алардын шартына макул болоюн дедим. Ошондо берген бардык убадаларымды аткардым.

Анын партиялаштары президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө киргенде, бул маселени Алмазбек Атамбаев менен өз ара сүйлөшүп алуусу керектигин айткан.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан. Анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү мыйзамга каршы келери белгиленип, ага карата УКМК кылмыш ишин козгогон. Быйыл Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Бабановго карата козголгон кылмыш иш учурда токтоп турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM