Биз менен байланышыңыз

«Шайлоодо Петр Порошенконун жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Апр 2019 | 502 | 0

Украинада өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенконун жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бул тууралуу саясат талдоочу Марат Казакпаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Владимир Зеленскийдин шайлоодо утуп чыгышы татаал. Анткени, Порошенко учурдагы президент катары бир  топ административдик ресурска ээ. Бирок Порошенконун командасы шайлоонун биринчи айлампасына олуттуу мамиле кылбай койгондуктан жеңилип калды.

Ал эми Зеленскийдин экинчи турга өтүшү «шайлоо аба ырайындагы» стереотиперди бузду.

«Тагыраагы, эч ким Зеленскийдин чечүүчү турга өтөрүн күткөн эмес. Азыркыга чейин ал кантип 2-турга өтүп кеткени боюнча түрдүү суроолор жаралууда, божомолдор абдан көп. Зеленский дасыккан саясатчы эмес. Ал шоу-бизнес чөйрөсүнүн адамы катары командасында чоң штат эмгектенди. Ар бир социалдык чөйрөгө өзүнчө мамиле керек. Үгүт иштеринде мунун баары эске алынды. Зеленский украиналыктар үчүн жаңы форматтагы саясатчы болуп жатат. Ал жеңишке жетпей калса да, талкуулар көп болот», — дейт Казакпаев.

Анын баамында, теледебаттар Порошенко үчүн оор болот. Ал эми Зеленский шоумен болгондуктан, ал үчүн бир топ жеңилге турат.

Казакпаев буга кошумча, Украинадагы президенттик шайлоо Орусия, КМШ жана Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн баарын кызыктырарын белгиледи.

Айта кетсек, Украинадагы президенттик шайлоодо Зеленский 30,24 % добуш, ал эми Порошенко  15,95 % добуш алып, экинчи турга аттанган. Эми президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM