Биз менен байланышыңыз

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 548 | 0

Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы президенттик шайлоонун күнүн жар салды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 9-апрелде мамлекеттик каналдан калкка кайрылып, президенттик шайлоо 9-июнга белгиленгенин жар салды.

Өз кайрылуусунда Казак президенти бул маанилүү жана зарыл чечим экенин, ал Конституцияга ылайык кабыл алынганын, кабыл алууда Элбашы Нурсултан Назарбаев менен кеңешкенин, кош палата спикерлери, премьер-министрлер менен талкуулаганын айтты. Ошондой эле, Конституциялык Кеңеш менен макулдашканын кошумчалады.

«Казакстан – демократиялык мамлекет. Ошондуктан Президент элдин тандоосу менен шайланышы керек», — деп айтылат Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунда.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 19-мартында Нурсултан Назарбаев президенттик тактыдан кеткенин жарыялаган. 20-мартта мамлекет башчысы кызмат орду буга чейин парламенттин сенатынын спикери болуп турган Касым-Жомарт Токаевге өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM