Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Өкмөт тарап, Жапаров, Текебаев бошотулушу керек

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 530 | 0

Кыргызстанда эл азыркы өкмөттөн тажады. Мындай бааны саясатчы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында айтты. Ошол себептүү чыңалып бара жаткан саясий абалды турукташтыруу үчүн өкмөттү таратууну сунуш кылды. Бул кырдаалды жөнгө салуунун бир жолу катары соттук-админстративдик реформаны тездетип, камактагы саясатчыларды бошотууну зарыл деп эсептеди.

— Мурунку бийлик тушунда камалган Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев өңдүү саясатчыларды абактан чыгарышы зарыл. Бул – элдин көптөн күткөн тилеги.

Кошумчалай кетсек, 23-апрелде  «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун соттук отурумдары өтөт. Ошол эле күнү аты аталган партиялардын өкүлдөрү да тынчтык митингине чыгышарын маалымдашкан.

Copyright © 2017 Maral FM