Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстанга GS1 системасын киргизүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Апр 2019 | 477 | 0

Өткөн жылы Кыргызстандан 215 млрд. 958 млн. сомдук товар сыртка чыккан. Бирок ЕАЭБден 48 млрд. 554 миң сомдук товарга гана тиешелүү документ келген. Башкача айтканда ушул товарлар гана көрсөтүлгөн жерине жетип, Салык кызматына каттоого алынганы тастыкталган. Калган товарлар кайда кеткени белгисиз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагында каралган жеңилдиктердин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жана товарларды көзөмөлдөө максатында Кыргызстанга Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунун GS — 1  системасын киргизүү зарыл.

«Бирок биздин бажычылар ага кызыкдар эместей. Кыргызстан товар алып өтүүгө ыңгайлуу жер. Мындан улам бажы тармагындагы системаларды легалдаштыруу зарыл. Беларусияда 390 миңге жакын долларга товарларды көзөмөлдөгөн система орнотулду. Эми Кыргызстанга да бул системаны киргизгени турабыз. Ал үчүн саясий эрк, күчтүү жетекчи керек. Системаны ишке ашырууга 6-12 айдай убакыт талап кылынат. Учурда мыйзамдык базалар  бүтүп, техникалык базалары калды. Бул жаатта беларустар бизге жардам берүүгө даяр. Жаңы, заманбап технологияларды койсок, жыл соңуна чейин баары иретке келет», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү буга кошумча, ЕАЭБдин алкагында каралган жеңилдиктердин убактысы бүткөнүнө байланыштуу, ири рыноктор жашоосун кескин түрдө өзгөртөрүн белгиледи.

«Эми соода-сатыктын ыкмаларын өздөштүрүшүбүз керек. Кытайдын товарын башка өлкөлөргө сатууга көндүк, бирок мындай заман бүтүп баратат. Андыктан ирети менен сатууга үйрөнүү зарыл», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM