Биз менен байланышыңыз

9-апрелде XIV Эл аралык “Саламатыкты сактоо жумалыгы” өтөт

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 422 | 0

Эртең 9-апрелде XIV Эл аралык «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо жумалыгы» аттуу конгресс-көргөзмө форуму болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул жолку көргөзмөгө 18 өлкөдөн 80ден ашуун компания катышмакчы. Алар Беларусия, Улуу Британия, Грузия, Италия, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Корея, Кыргызстан, Литва, Польша, Орусия, Словения, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан жана Украина.

Биринчи жолу аталган форумга «Москвада өндүрүлгөн» деген бренд менен 11 чоң медициналык жана фармацевтикалык өндүрүмү бар Москванын экспорттук борбору  катышмакчы.

Көзгөзмөнүн алкагында медицинанын бардык багыттары үчүн Кыргызстанда жасалган микроскоптун  бет ачары өтөт.

Ошондой эле көргөзмөдө белгилүү диетологдордун, нутрициологдордун жана психологдордун арыктоо, организмди жакшыртуу боюнча семинары өтмөкчү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM