Биз менен байланышыңыз

«Мектеп медицинасы- IT оорукана» пилоттук долбоору иштеп баштады

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 429 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги «Мектеп медицинасы — IT оорукана» пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган система Бишкектеги № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун базасында ишке ашырылды.

Долбоор  мектеп окучуларын медициналык кароодон автоматтык түрдө өткөрүүгө багытталып, атайын өспүрүмдөрдүн ден соолугуна байкоо салуу үчүн иштелип чыккан. Бул дарыгер жетишпеген алыскы аймактардагы калк үчүн маанилүү. IT оорукананын жардамы менен медайым же фельдшер дарыгерсиз эле окуучунун кароодон өткөрүп, жыйынтыгын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жибере алат.

Аталган аппарат оору боюнча анализ бере албайт, бирок, оорулардын алгачкы баскычтары тууралуу маалымат бере алат.

Бир комплекстин бир күндө 30 окуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар, бир жылда 5 миңге жакын окуучу кароодон өтөт.

Саламатыкты сактоо министрлиги окуу жылынын башталышына чейин текшерүүдөн өткөрүп, Бишкектеги бир мектепте иштетип көрүүнү мерчемдеп жатат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM