Биз менен байланышыңыз

«Электрондук билет» долбоорун Швейцариялык «BPC» AGкомпаниясы ишке ашырат

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 615 | 0

«Электрондук билет» долбоорун Швейцариялык «BPC» AG компаниясы ишке ашырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тендердин жыйынтыгы боюнча эң арзан бааны сунуштаган жана коюлган талаптарга эң көп жооп берген ишкана катары Швейцариялык «BPC» AG компаниясы тандалып алынды.

8- майга чейин тендерди жеңүүчү компания менен макулдашуулар түзүлмөкчү.

Компания транзакциянын төмөн бааларын сунуш кылган. Калктын артыкчылыктуу катмары үчүн бекер картаны, Кыргызстандын банктары менен банктык карталар аркылуу картаны толуктап алуу мүмкүнчүлүктөрү жана ошондой эле компаниянын башка өлкөлөрдө бул багытта ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйбасы эске алынган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM