Биз менен байланышыңыз

“Электрондук билет” долбоорунун экинчи этабына 5 ишкана өттү

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 523 | 0

“Электрондук билет” долбоорунун экинчи этабына беш ишкана өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тендерге жалпысынан 7 компания катышып, алардын бешөө:

-ООО «Ситикард» (Нижний Новгород, Орусия),

-ЗАО «Золотая корона» (ОАО «РСК Банк»),

-BPC AG (Баар, Швейцария),

— LGCNC-KSCC Consortium (Сеул, Түштүк Корея)

— «Шанхай Шенту» интеллектуалдык системалары (Кытай) жана ОсОО «Шыдыр Жол Кей Джи» (Шанхай, Кытай) экинчи этапка тандалып алынды.

Экинчи этапка өткөн компания ээлери 25-мартка чейин экинчи этапка катышуу сунушун жазышы керек. Катышуунун эң негизги шарты 150 миң долларга кепилдигин камсыздаган компаниянын документинин болушу.

Эске салсак, Бишкек шардык мэриясы “Электрондук билет” долбоору боюнча  ушул жылдын 12-январында тендер жарыялаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM