Биз менен байланышыңыз

Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо фонду түзүлдү

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 476 | 0

Бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча жаңы инструменттерди түзүү жана ишкерлерге каржылоо алууда көмөк көрсөтүү максатында БУУнун Өнүктүрүү программасынын техникалык колдоосунда Экономика министрлигинин алдында капиталы 400 миң доллар өлчөмүндөгү Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо фонду түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Долбоорлорду даярдоо фонду потенциалдуу бизнес-долбоорлорду аныктайт жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жана башка эл аралык финансылык институттардан каржылоо алуу үчүн сапаттуу бизнес жана инвестициялык долбоорлорду даярдоого көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин көрсөтөт.

Ушул жылдын  1-мартынан 2020-жылдын 1-январына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоор өткөрүлүүдө.

Аны менен катар бизнес менен аракеттенүү үчүн онлайн-платформа ишке киргизилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM