Биз менен байланышыңыз

Орозова: Бүгүн элдин көйгөйү угулбай жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2019 | 565 | 0

Укук коргоо органдары оппозицияны куугунтуктагандын ордуна, чек араны кайтарса жакшы болмок. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Карамат Орозова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекетте чыңалууларды жеке адам баштабайт. Ал бийлик менен элдин ажырымынан келип чыгат.

Элдин көйгөйүн угуп, колдон келишинче аларды аткаруу зарыл. Бирок бүгүнкү күндө андай болбой жатат. Мындайда чакырыктар болбосо да, эл өзү көтөрүлөт.

Мисалга алсак, кыргыз-тажик чек арасында социалдык мүмкүнчүлүк, шарттар жок болгондуктан, чыңалуу, нааразычылыктар көп.

«Өкмөт элге жакындабаса, эл чыңала берет. Премьер-министр кыргыз-тажик чек арасына окуя башталган учурда дароо барганда, элдин абалын жакшы түшүнмөк. Алдын ала барса, балким андан да жакшы болмок. Ак-Сайдагы кыргыздардын саны азаюуда. Тажиктер кыргыздарды кысып чыгарып, жерди ээлеп алууга аракет кылып жатышат», — дейт Орозова.

Эл өкүлү буга кошумча, бийлик мамлекеттин коопсуздугун, стабилдүүлүгүн камсыз кылышы шарт экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM