Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Азыр бийликте Бакиевге жанашкан адамдар отурат

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 913 | 0

Азыр бийликте учурунда Бакиев менен кармашкан эмес, ага жанашкан адамдар отурат. Мындай пикирин КСДП партиясынын төрагасынын орун басары, депутат Рыскелди Момбеков айтты. Ал азыркы өкмөттө Апрель окуясына катышкан бир да кызматкер жок экенин белгиледи.

-Апрель окуясынын максатын ишке ашырып жатабыз деп жатышпайбы? Алар калптын казанын кайнатып жатышат. Азыр Апрель окуясын жокко чыгара турган кадамдар башталып жатат. Бул окуя марттагы ынкылаптай болуп уурдалып кетпеши керек. Эми Кыргызстанга ынкылап эмес, ынтымак керек.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги «Медиа-форум» мекемесинин алдында Апрель окуясына байланыштуу митинг-реквием өтүм жатат. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана партиянын мүчөлөрү катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM