Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Апрель шейиттерине куран окутууга катышты

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 716 | 0

7-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Апрель окуясында шейит кеткендерге куран окутууга катышты. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, экс-президент Роза Отунбаева жана бир катар депутаттар, кайтыш болгондордун жакындары да болду. Куран окутуу “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өттү.

Кошумчалай кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде эл ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан. Анда 80ден ашык адам каза таап, 100дөй жаран жарадар болгон. Бакиевдердин үй-бүлөсү өлкөдөн качып, Беларусиядан башпаанек тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM