Биз менен байланышыңыз

Турдакун Ниязалиев: «Бизди мурун кытай деп таанышса, азыр кыргыз деп билишет»

«Жубайыма» деген ыры менен жалпы журтка дүң болгон, учурдун камчыга сап ырчыларынын бири Турдакун Ниязалиев «Марал» радиосундагы «Желе шоу» программасына конокко келди. 
— Жаз башталгандан бери чет өлкөлөрдө жүрөм. Алгачкы сапарым Кувейттен башталды. Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин алакасынын түзүлгөнүнө 25 жыл толгонуна карата чоң иш-чара өттү. Он күндүк иш-чаранын алкагында кыргыздын маданиятын, үрп-адатын, кол өнөрчүлүгүн көргөзүп, элибизди чет жерге даңазалап, даңктап келдик. Концерттик программада «Жубайыма» аттуу ырымдын арабча котормосун кувейттиктерге тартууладым.

Кувейттен келип эле, эс алып-эс албай Сауд Аравиясына жөнөдүк. Баарыңарга маалым, ал жерде бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн «Төө» фестивалы өттү. Бул жакка барып калышымдын башкы себеби, араб тилин жакшы билип, араб тилиндеги ырларды аткарганым болду. Аяктан «Айтыңыз маарек” ырынын араб тилиндеги котормосун аткардым. Арабдар бизди жакшы кабыл алды. Буга чейин кытай деп билишсе, ушул иш-чарадан кийин кыргыз деп тааный башташты.

«Араб тили» факультетин аяктагам. Ошондон улам, кийинки ырларымдын араб тилиндеги котормосун кошо жаздырайын деп жатам. Бул жердеги максатым, ырларымды Араб жергесине да жайылтуу. Учурда жол-жобосун сураштырып, кантип алып чыкса болорун изилдеп жатам.

Copyright © 2017 Maral FM