Республиканын активдеринин рыноктук баасын аныктоо өтө маанилүү. Бул тууралуу Өкмөтүн кезектеги жыйынында Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
«Биз канча имарат, курулуш, жер, унаа каражаты жана башка мүлк бар экендигин – мамлекеттик менчиктин баасын билбейбиз. Алардын рыноктук баасын аныктоо керек. Болжол менен кеп 900 млрд. сом суммасы жөнүндө болуп жатат. Менчикти баалоонун жыйынтыгы боюнча 1 триллион сом жана андан ашуун сан келип чыгат. Эң башкысы, мисалы, ири объекттердин реалдуу баасын аныктаган соң, аларга карата экономикалык механизмдерди кыйла натыйжалуу колдоно алабыз», — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.