Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан калкынын 1,6 миллиону жакыр жашайт

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 1493 | 0

2017-жылкы жүргүзүлгөн мониторинг боюнча Кыргызстандын калкынын 25,6 %ы, тактап айтканда, 1,6 миллиону кедей жашары аныкталган. Мунун ичинен 41 миңи жакыр, ошол 41 миңдин 72 %ы айыл тургундары болуп эсептелет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Айлык керектөөлөрү жана кирешеси  2674 сомдон ашпаган жарандарды кедей, ал эми айлык кирешеси 1 455 сомдон ашпаган жарандарды жакыр деп белгилешкен.

Кыргызстан 1990-жылдарда эле жакырчылыкты жоюу боюнча милдет алган. Буга эл аралык уюмдар жардам берип келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда,  2018-жылы пособие алгандардын саны  379 миң адамга жеткен. Алардын 96 %ын  балдары 16 жашка жете элек, муктаж үй-бүлөлөр алган.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, жакырчылыктын деңгээли 4,9 %га өсүп, 309 миң адамды түзөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM