Биз менен байланышыңыз

Индиядагы шайлоонун шааниси, же биз билбеген жагдайлар

Блог | 4 Апр 2019 | 1214 | 0

Индияда жакында дүйнөдөгү эң ири демократиялык иш-чара болот. Тагыраак айтканда, парламенттик шайлоо башкаларга салыштырмалуу бир топ өзгөчөлүк менен өтөт. Себеби, өлкөдө шайлоого катышууга укугу бар калктын саны — 900 миллион. Бул мындан беш жыл мурунку шайлоого салыштырмалуу 80 миллион шайлоочуга көп дегенди түшүндүрөт. Америкалык «Вашингтон Пост» басылмасы Индиядагы шайлоонун кызыктуу жагдайларын төмөндөгүчө тизмектеген:

Индиядагы шайлоо жети баскыч менен өтүп, 11-апрелден 19-майга чейин уланат. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 23-майда жарыяланат. Индия калкы бул шайлоодо улуттук парламенттин 543 эл өкүлүн тандоо үчүн добуш бермекчи. Индиянын баш мыйзамына ылайык, шайлоодо парламенттен 272 же андан ашык орунду жеңген партия өкмөт башчыны тандоо укугуна ээ болот. Эгер парламенттик көпчүлүктү бир да партия ээлей албаса, анда коалиция түзүлүп, өкмөт башчыны да чогуу тандашат.

Шайлоо процедурасынын масштабы канчалык чоң?

Индиядагы бул шайлоонун масштабы — чындыгында, өтө чоң. Быйылкы шайлоо үчүн  миллиондон ашык добуш берүү участоктору түзүлмөкчү. Анткени, бул өлкөдө 900 миллион адам добуш берүүгө укуктуу. 2014-жылдагы шайлоодо 550 миллион адам өзүнүн добуш берүү укугунан пайдаланган.  Ошол эле учурда 450гө жакын партия добуш алуу үчүн жан үрөп, алардын алтоосу гана республикалык масштабда колдоого ээ болгон.

Шайлоо эмнеси менен маанилүү?

Индиядагы шайлоо ириде индиялыктар үчүн чечүүчү болуп саналат. Себеби, Индия жакынкы жылдары дүйнөдөгү эң көп калкы бар өлкө катары кошунасы Кытайды кууп жеткени турат. Демек, демографиялык жактан да, экономикалык жактан да бул эки өлкөнүн атаандашуусу күч алары шексиз. Мындан улам, Индия атаандаштыкка туруштук берүү үчүн өлкөдөгү саясий абалды да, инвестициялык, экономикалык абалды да стабилдештирүүсү абзел. Ошондой эле Индия демократиянын кайсы багытын тандаары да маанилүү роль ойнойт.

Учурдагы премьер-министр Нарендра Моди, «Бхаратия жаната» (БЖП) партиясынан бийликке келген. Ал 2014-жылдагы шайлоодо калкка «achhe din» — жыргал заман же баарына бирдей өнүгүүнү» убадалаган. Албетте, Модинин башкаруусу учурунда өлкө экономикасы позициясын бир топ бекемдеди. Бирок, өлкөдөгү жумушсуздук күн санап өсүүдө. Айрыкча жаштар арасында бул — чоң көйгөй. Мындан сырткары, Индиядагы суу тартыштыгы менен абанын булгануусу да өкмөттүн шаштысын алууда.

Негизги талапкерлер кимдер?

Азыркы тапта эксперттердин байкоосунда, Нарендра Моди фаворит болуп саналат. Моди Индиядагы чоң штаттардын бири Гуджаратта туулуп өскөн. Ал Индияны «индуисттик улуттардын өлкөсү» кылууну колдогон Раштрия Сваямсевак Сангдын тарапташы экени да белгилүү. Моди 2002-жылы Гуджарат штатынын башкы министри болуп турган кезде индустар менен мусулмандар ортосунда чыр чыгып, анда миңдеген адам өлгөн. Алардын көпчүлүгү мусулмандар болгон.

Ал эми Модинин быйылкы эң негизги атаандашы — «Индия улуттук конгресси» партиясынын жетекчиси Рахул Ганди. Ал Индиядагы Неру-Ганди династиясынын өкүлү (Бирок бул үй-бүлө Индиянын эгемендиги үчүн кыймылын жетектеген лидер Махатма Ганди менен эч кандай байланышы жок).  Саясатчы Рахул Гандинин бабалары Жавахарлал Неру өлкөнүн алгачкы өкмөт башчысы болгон. Ал эми анын чоң апасы Индира Ганди,  атасы Раджив Ганди да бир кездерде өлкөнү башкарган. Бирок экөө тең киши колдуу болушкан. Азыркы тапта бар күчүн шайлоого жумшап жаткан саясатчы Рахул Ганди Модиге салыштырмалуу жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү азыраак. Анткени, индиялыктар мамлекеттик деңгээлдеги коррупциялык чырларга аралашкан династиянын өкүлү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк бериши өтө кыйын.

Шайлоонун шааниси канчага бааланат?

Индиядагы шайлоо 2019-жылдагы эң ири иш-чара жана эң кымбат шайлоо болору анык. Себеби, 2014-жылдагы шайлоодо жалпы 5 млрд. доллар коротулган. Ал эми быйылкы шайлоодо мындан да көп акча коротулат деп болжолдонууда. Салыштыруу үчүн айта кетсек: 2016-жылы АКШдагы Конгресстик шайлоодо 6,5 млрд. доллар коротулган.

Индиянын мыйзамдары боюнча талапкерлер өзүнүн шайлоо кампаниясына миллион долларга чейин коротсо болот. Бирок иш жүзүндө партиялар андан бир канча эсе көп акчаларды чачып келишет.  Быйылкы шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү, партиялар башка өлкөдө жашаган индиялык ишкерлер, компаниялардан каржылык колдоо алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 «Мahagathbandhan» деген эмне?

«Мahagathbandhan» хинди тилинен которгондо, «мегакоалиция» же «чоң альянс» дегенди түшүндүрөт. Индиянын саясатында акыркы күндөрү бул сөз көп колдонулуп, майда партиялар, айрыкча оппозиция чоң альянс катары биригүүнү сүйлөшүп жатышат. Эгер алар шайлоодо тиешелүү добушту алып парламентке келсе, анда учурдагы өкмөт башчы Модини бийликтен түшүрөт деген саясий божомолдор да жок эмес.

Copyright © 2017 Maral FM