Биз менен байланышыңыз

Атамбаев КСДП партиясынын Бишкектеги жыйынына катышты

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 554 | 0

КСДП партиясынын Бишкек шаары боюнча өткөрүлгөн жыйынына экс-президент Алмазбек Атамбаев катышты. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Бишкек шаарындагы төрт райондон 130 партия мүчөсү келди.

Ошондой эле жыйында 6-апрелде Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтө турган КСДПнын съездине Бишкек шаарынан 24 делегат шайланды.

Эске салсак, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жыйындары буга чейин башка облустарда өткөрүлүп келген

 

 

Copyright © 2017 Maral FM