Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Дастан Бекешовдун билдирүүлөрү негизсиз

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 542 | 0

Бүгүн, Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда депутат Дастан Бекешовдун милиция экономикалык маселелерге кийлигишип жатат деген билдирүүсүнө Ички иштер министрлиги жооп берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Өкмөтүнүн 2014-жылкы «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тутумундагы функционалдык жана түзүмдүк өзгөрүүлөрү тууралуу» токтомуна ылайык, экономикалык кылмыштарды аныктоо жана иликтөө боюнча функциясы Ички иштер министрлигинен алынып, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жүктөлгөн.

«Бүгүнкү күндө милиция бизнеске кийлигишпейт, уруксат берилбеген текшерүүлөрдү жүргүзбөйт, мүлктү камакка албайт, ишкерлердин банктык эсептерин жаппайт, кылмыш иштерин иликтөө учурунда, башка уруксат берилбеген окуялар болгон эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун билдирүүлөрү негизсиз, бирок, ошого карабастан, биздин мекеме атайын текшерүүлөрдү жүргүзөт» — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, ИИМдин билдирүүсүндө бүгүн уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча активдүү күрөш жүрүп жатканы, эч ким ишкерлерди көзөмөлдөөгө аракеттенбегени, анткени, экономикалык кылмыштарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы иликтей тургандыгы айтылган.

Эске салсак,  Дастан Бекешов ички иштер органдары экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизип, бизнеске кийлигишип, уруксат берилбеген текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM