Биз менен байланышыңыз

«Асылбек Жээнбеков кирген партия бийликтин саясатын колдойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2019 | 781 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан чыгып туура кылды, бирок бир аз кечигип калды. Эми башкалар да ушул жол менен кетиши керек. Бул тууралуу саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми Асылбек Жээнбеков өзүнүн саясий партиясын түзүшү керек, же башка партияга кириши зарыл.

«Асылбек Жээнбеков кирген партия бийликтин саясатын колдоорун билсек болот. Эгерде ал партия түзсө, жаңы күчтөр, жаңы адамдар менен келиши керек. Ошондо гана эл ишенет. Ал эми КСДП фракциясы оппоцизияга кетчү болсо, коалициялык көпчүлүк башынан түзүлүшү керек болот. Мындайда өкмөт да таркайт. Бирок КСДПнын депутаттары оппозицияга кетпейбиз деп, партияга баш ийбей отурат. Эл өкүлдөрү юридикалык маселелерге гана эмес, моралдык жакка да көңүл бурушу зарыл. Көгөрүп туруп алган болбойт», — дейт Кадырбеков.

Эске салсак, 3-апрелде Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан кеткенин расмий түрдө жарыялаган. Анда ал партия лидердин гана кызыкчылыгын коргобой, элдин пайдасын да көздөөсү керектигин эскерткен.

Буга чейин башка партияга кошулбаганын, КСДПдан чыгуу оюнда да болбой келгенин айтып, саясий жагдайга байланыштуу кетүү чечимин кабыл алганын түшүндүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM