Биз менен байланышыңыз

Кадыралиева: Бийлик жаңы партия түзүүдө кечигип жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2019 | 918 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Ыргал Кадыралиева «Марал» радиосуна берген маегинде бийлик өзүнүн жаңы партиясын түзүшү керектигин билдирди.

Анын айтымында, бийлик партия түзүүдө кечигип жатат. Анткени, элге жаңы партияны таанытуу үчүн парламенттик шайлооого чейинки 1 жылдай убакыт аздык кылат.

Кадыралиеванын белгилешинче, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы түшүнбөстүк эл үчүн пайдалуу болду. Анткени, алар бир көз карашта болгондо, коррупциялык иштер жабык бойдон калып калмак.

 «Алмазбек Атамбаевдин буга чейинки эмгегин танбашыбыз керек. Алардын натыйжасын бүгүнкү күндө да көрүп жатабыз», — дейт Кадыралиева.

Copyright © 2017 Maral FM