Биз менен байланышыңыз

Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен Орусияга барды

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 620 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 3-апрелде мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапары менен Орусияга барды. Бул тууралуу РИА Новости агенти маалымдады.

Касым-Жомарт Токаев «Внуково-2» аэропортуна жергиликтүү убакыт боюнча 11:00дө келип конгон. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Орусиянын Тышкы иштер министри Игорь Богдашев жана Казакстандын Орусиядагы элчиси Имангали Тасмагамбетов  тосуп алышты.

Кошумчалай кетсек, Казакстан менен Орусиянын лидеринин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле, аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар карала тургандыгы буга чейин маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM