Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 3-апрелде мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапары менен Орусияга барды. Бул тууралуу РИА Новости агенти маалымдады.
Касым-Жомарт Токаев «Внуково-2» аэропортуна жергиликтүү убакыт боюнча 11:00дө келип конгон. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Орусиянын Тышкы иштер министри Игорь Богдашев жана Казакстандын Орусиядагы элчиси Имангали Тасмагамбетов тосуп алышты.
Кошумчалай кетсек, Казакстан менен Орусиянын лидеринин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле, аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар карала тургандыгы буга чейин маалымдалган.